Нарында милиция кызматкерлери Польшадан келген туристтин жоголуп кеткен документтерин таап беришти

Нарында милиция кызматкерлери чет элдик жарандын жоготуп алган документтерин таап беришти. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 18-августта Польшанын Варшава шаарынан келген 34 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Нарын районунун Кара-Кужур айылынан мотоцикл айдап бара жатып паспорт, ID кард, айдоочулук күбөлүгүн, кредиттик жана дебеттик карталарын, ачкыч салынган рюкзагын жоготуп алганын айткан.

Аталган факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан жоголгон документтер табылып, ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан