Бүгүн, 24-августта Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары Улан-Батордогу көргөзмөгө барышты. Бул тууралуу Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.
Ага ылайык, Айгүл Жапарова менен Лувсандоржийн Болорцэцэг Улан-Батордогу дизайнерлик коллекциянын көргөзмөсүнө барышкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын биринчи айымы Монголияга “Жашыл келечек жолунда” аттуу бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуу үчүн барган.