Орусия менен Украина аскердик туткундарды алмашты 

Орусия менен Украина аскердик туткундарды алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянып Reuters агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, украин тарап Курск облусунда туткунга алган 115 аскерди өткөрүп берген. Алар чек арада милдеттүү кызмат өтөгөн жоокерлер экени айтылды.

Өз кезегинде Украинанын 115 аскери да туткундан кайтарылганын өлкө башчы Владимир Зеленский Инстаграм баракчасына жазып чыкты. Анын белгилешинче, бул жолу Улуттук гвардиянын, Аба күчтөрүнүн, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жана Чек аранын аскерлери үйлөрүнө кайтып келишкен.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, туткундарды алмашуу Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу менен ишке ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан