Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

Индиянын IndiGo аттуу компаниясы Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча авиакаттамдарды жүргүзүп баштоого даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов аталган компаниянын вице-президенти Ражан Малхотра менен жолугушкан.

"Анын жүрүшүндө Малхотра IndiGo компаниясынын Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча авиакаттамдарды баштоого даярдыгын билдирди. Компания Индия өкмөтү тарабынан расмий ташуучу болуп дайындалып, бул каттам боюнча жумасына 7 күн авиакаттамдарды аткарууга уруксат алган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бешимов бул маселени мындан ары илгерилетүү үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, АКШ, Улуу Британия жана Шенген аймагы сыяктуу өлкөлөрдүн көп жылдык визасы бар Индиянын жарандары үчүн 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейин визасыз режим киргизилгендигин белгиледи.

ТИМдин маалыматына караганда, IndiGo - жүргүнчүлөрдүн саны жана авиапаркынын көлөмү боюнча Индиядагы эң ири авиакомпания болуп саналат. 2024-жылдын май айына карата ички рыноктук үлүшү 61,6 пайызды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-08-24 20:19:00
Бишкекти индус бангладеш басып бүтө турган болду, а Кыргызым айла жок бала-бакырасын чыркыратып таштап чет жактан келе албай айласы алты куруду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан