Беларустун президенти Александр Лукашенко Украина элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Анын куттуктоо сөзү Беларусь президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Лукашенко өз кайрылуусунда Беларус жеринде Украинанын ак көңүл жана эмгекчил элине ар дайым өзгөчө урмат-сый жана жылуу мамиле жасалып келгенин белгиледи.
"Элдерибиз көптөн бери биримдикте жашап, кубаныч менен кайгыны тең бөлүшүп, кыйынчылыктарды бирге жеңип, ийгиликтери менен сыймыктанып келишкен. Бизди жалпы тагдыр жана үй-бүлөлүк байланыштар гана эмес, кошуналар менен дос болуу жана тил табышуу каалоосу бириктирип турат", - деген Лукашенко.
Лукашено азыркы татаал шарттарда славян элдеринин азыркы жана келечектеги муундары үчүн тынчтыктын тилинде сүйлөө мүмкүн эле эмес, ошондой эле зарыл деп ишенерин билдирди.
"Башка альтернатива жок. Беларус өз кезегинде аймактагы коопсуздукту мүмкүн болушунча тезирээк камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт", - деп белгиледи Лукашенко.
Украинанын Эгемендүүлүк күнү жыл сайын 24-августта Украина ССРинин Жогорку Радасы тарабынан өлкөнүн көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация актысынын жана токтомунун кабыл алынышынын урматына белгиленет.