Германиянын Золинген шаарындагы фестивалда адамдарга кол салууга шектелип 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Анын кыргызстандык болушу мүмкүн экенин бир нече чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кол салуу 23-август күнү кечинде Солинген шаарында болгон. Андан үч киши каза болуп, сегизи жаракат алды, алардын бешөө оор абалда. Окуяга күбө болгондордун айтымында, шаардын 650 жылдыгына карата борбордук аянтта өтүп жаткан майрамда сахнанын жанында турган адам ошол эле жерден адамдарга кол салган. Полиция азырынча кылмышкердин сыпаттамасын тастыктай элек.
Der Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, кол салуудан кийин Кыргызстандын жараны болгон 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Ал качкындар үчүн атайын жатаканада жашаган. Журналисттердин айтымында, ал кол салган адам менен түздөн-түз сүйлөшкөн. Басылма өспүрүм көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын билдирди.
Ал арада тергөөчүлөр киши өлтүргүч жалгыз аракеттенген деп эсептешүүдө. Ал эми шаардын прокурору муну терроризм деп айыптап чыкты.
Түндүк Рейн-Вестфалия полициясынын башчысы Торстен Флейстин айтымында, издөө максатында колдонула турган кылмышкердин так сүрөттөрү дагы деле жок. Кол салуу болгон фестивалда атайын видеокөзөмөл системасы болгон эмес.
24-август күнү түштөн кийин тергөөчүлөр кылмыш болгон жерден 200 метрдей алыстыкта бычак табууга жетишкен, бул кол салууда колдонулган курал болушу мүмкүн.