Израилде өзгөчө кырдаал жарыяланды

Израилдин коргоо министри Йоав Галант өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өзгөчө кырдаал режими министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан узартылбаса, 48 саатка жарыяланганы маалымдалды. Буга Израиль армиясынын Ливанга сокку уруусу себеп болгон.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Галант менен жолугушуу өткөрүп жатканы белгилүү болгон.

Бүгүн, 25-августтун таңында Ливандагы “Хезболла” кыймылы Израилге күчтүү чабуул даярдап жатканы кабарланган. Израиль ага жооп иретинде ливандык кыймылдын позицияларына сокку уруп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан