Жаңы үйлөнгөн Мунарбек Сейитбек уулу кыргызстандыктарды ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды

Париж шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан Мунарбек Сейитбек уулунун үйлөнүү тою үйүндө эле өттү. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал кайрылуусунда кыргызстандыктардан ысырапкорчулукка жол бербөөнү суранды.

"24-август мен үчүн дагы бир Кудайымдын буйруган жакшы күндөрдүн бири болду. Жубайлуу болуп эки дүйнө бактылуу болууга аттандым. Ажобуз айткандай, ысырапкорчулукка жол бербөөгө кошуламын жана силерди да чакырамын. Үйлөнүү тоюм шарият жолунда жана үй шартында болуп өттү. Баарыңыздарга бекем ден-соолук жана бакыт каалаймын. Мамлекетибиз дагы да өнүгө берсин", - деп жазды Мунарбек Сейитбек уулу.

Мунарбек Сейитбек уулу буга чейин сүйүктүүсүнүн колун сураганын маалымдаган. Ал 24-августта үйлөнгөн, мушкер жубайы Ноокендин кызы экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан