Москвада эркек киши ымыркай менен аялды 16-кабаттан ыргытып жиберди (видео) 

Москвада эркек киши аялын жана кичинекей баласын 16-кабаттын терезесинен ыргытып жиберди. Бул тууралуу BAZA Telegram каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 25-август күнү эртең менен болгон. Анда эркек киши аялын жана кичинекей баласын 16-кабаттын терезесинен ыргытып, артынан аялынын буюмдарын кошо ыргыткан. Аял менен ымыркай ошол жерден каза болгон.

Жерине ОМОН жана ӨКМ кызматкерлери келип, шектүүнү кармап, байлап коюшкан. Аны "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып кетишти. Бул окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Учурда полиция кызматкерлери коңшуларын суракка алууда. Алар эртең менен кичинекей баланын ыйлаганын, андан кийин үйдөгү урушту уккандарын айтышкан.

Москвада эркек киши ымыркай менен аялды 16-кабаттан ыргытып жиберди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан