БУУ Ливан менен Израилдин чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Ливан-Израиль чек арасындагы чыр-чатактын тараптары ок атышууну токтоосуз токтотуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701 резолюциясынын алкагындагы келишимдерди аткарууга кайтып келиши керек. Бул тууралуу БУУнун Ливандагы Координациялык штабы (UNIFIL) жана БУУнун Ливан боюнча атайын координаторунун биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.

Алар кайрылуусунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1701-резолюциясы менен белгиленген ок атышпоо режимин бузуулар кабыл алынгыс экенин баса белгилешти. БУУ чөлкөмдө узак мөөнөттүү тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн негиз болгон 1701 резолюциясын толук аткаруу максатында жаңжалдын тараптарын диалогго жана кызматташтыкка кайтууга чакырды.

Бүгүн, 25-августтун таңында Ливандагы “Хезболла” кыймылы Израилге күчтүү чабуул даярдап жатканы кабарланган. Израиль ага жооп иретинде ливандык кыймылдын позицияларына сокку уруп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан