Эртең, 26-августта күндүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +26 ... +31,
Талас жергесинде түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +24 ... +29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 ... +20, күндүз +28 ... +33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9 ... +14, күндүз ... +23 ... +28,
Нарын дубанында түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +24 ... +29.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +14 ... +16, күндүз +29 ... +31 градус болот.