Таиландда учак кулап, 9 адам көз жумду

Таиландда учак кулап, 5 турист жана 4 экипаж мүчөсү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 22-августта болгон. Учак Бангкоктогу Суварнабхуми аэропортунан учкандан 11 мүнөт өткөндөн кийин кулап түшкөн.

"Учак Чаченгсау провинциясындагы сазга кулаган. Куткаруучулар алгач учактын сыныктарын таап, кийинчерээк адамдын сөөктөрүн табышты", - деп жазылат анда.

Каза болгон 5 турист Кытайдын жараны экени айтылат.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан