Орусиянын Саратов шаарында көп кабаттуу үйгө дрон менен чабуул жасалды (видео)

Кечээ, 26-августка караган түнү Орусиянын Саратов шаарында көп кабаттуу үйгө дрон менен чабуул жасалды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Анда учкучсуз учуучу аппараттар Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык экендиги айтылган. Мындан тышкары дагы эки дрон Энгельс шаарында атып түшүрүлүп, 4 жеке менчик үй жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлиги чабуулдун кесепетинен төрт жаран жаракат алганын маалымдап, бир аялдын абалы оор экендигин кошумчалаган. Ошондой эле жеринде бир нече жарандарга жардам берилген.

Саратов облусунун башчысы жалпы чыгымды эсептеп чыгуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, жабыркагандар убактылуу башка жакка көчүрүлгөн.

Маалыматта айтылгандай, Саратов жана Энгельс шаарлары Волга дарыясынын эки жээгинде жайгашкан. Энгельсте Орусиянын аскердик авиабазасы бар.

Орусиянын Саратов шаарында көп кабаттуу үйгө дрон менен чабуул жасалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан