Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары ️Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 23-августта карап, октябрдын аягына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып коюлган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан