Бишкек шаарында эртең, 27-августта акысыз фильм көрсөтүлөт. Ал "Мосфильм" студиясынын 100 жылдыгына жана Россия киносунун күнүнө карата коюлат.
Орусиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору кабарлагандай, анда дүйнөлүк кинематографиянын классикасына айланган легендарлуу фильмдерди камтыган программа даярдалган. Бул фестиваль шедеврге айланган кинофильмдерди чоң экрандан көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экени кошумчаланды.