Казакстандык жаран Шымбулакта тартылган өзгөчө трюктун видеосу менен бөлүштү (видео)

Социалдык тармактарда бир нече отургучтардын үстүнө чыгып, тең салмактуулугун кармап трюк көрсөткөн казакстандык жарандын видеосу тарады.

Казак басылмалары эквилибристика жөндөмүн көрсөткөн жаран 28 жаштагы Шымкенттин тургуну экендигин айтып, ал жакынкы күндөрү Шымбулактын тоолорунун фонунда бул видеону тартып келгендигин билдирген.

“Кичине кезимден бери спорт менен машыгам. Эквилибристикага акыркы 10-11 жылдан бери кызыгуум артып, машыгып келем. Отургучтар атайын ойлоп табылган жана аны өзүмдүн жеке буйрутмам менен жасалган. Тең салмактуулукту кармап туруу көп эмгекти талап кылат жана бул ирет да оңой болгон жок. Тоодо тартылган бул трюк мага өзгөчө сезим калтырды”, - деп билдирген спортчу.

Бул трюк деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте тартылган. Ага 9 отургуч керектелген.

Маалымат үчүн: Эквилибристика (лат. aequilibris - тең салмакта болуу) - цирк искусствосунун бир түрү. Артисттин ар кандай абалда тең салмактуулугун сактоо жөндөмү.

SUPER.KG порталы бул ыкманы өз алдынча кайталоону сунуштабайт жана өмүргө зыян алып келерин эскертет.

Казакстандык жаран Шымбулакта тартылган өзгөчө трюктун видеосу менен бөлүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан