“Жашың өтүп жатканына капа болосуң”. Актриса Сайра Момунбаева 60 жашка толду

Бүгүн, 26-августта ырчы жана актриса Сайра Момунбаева 60 жашка толду. SUPER.KG порталы актриса айымды туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Мен негизи туулган күнгө өтө деле маани берип белгилебейм. Бүгүн деле туулган күнүмдү тоспойм. Ошентсе дагы куттуктоолор келип жатат. Эң алгачкылардан болуп кызым, өкүл кызым жана сиңдим Германиядан куттукташты. Досторумдан, жакындарымдан жана Казакстандан да куттуктоолор келип жатат.

Туулган күн бир чети жакшы майрам болсо, бир чети жашың өтүп жатканына капа болосуң. Мурда бир туугандарым менен майрамдап өткөрчүбүз. Азыр белгилегим келбейт. "Туулган күнүңүздө эмне кылалы?" дейт кызым. "Мага тынчтык керек" деп күлдүм", - дейт актриса.

Ошондой эле ал бала кезинде туулган күнүндө көзүнө жаш ала бергенин эстеп өттү.

"Баары жакшы болуп келе жатып эле бир нерсеге туш болор элем. Апама "эмнеге мен дайыма туулган күнүмдө ыйлап калам?" десем, "эч нерсе болбойт, жашооң сүйүнүч менен өтөт" деп сооротуп койчу", - деди ырчы.

Сайра Момунбаева 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, окуусун аяктаган соң Нарын музыкалык драма театрында иштеп калган. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окуп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрлук бөлүмүн бүтүргөн.

Сайра Момунбаева "Боз салкын", "Сүйүү, демек, азап тартуу", "Табылга", "Сагынбай манасчы" жана башка бир катар тасмаларга тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан