Эртең, 27-августта Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде өткүн өтүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +27 ... +32,
Талас жергесинде түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +22 ... +27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 ... +19, күндүз +32 ... +34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +10 ... +12, күндүз ... +28 ... +30,
Нарын дубанында түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +26 ... +28.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +14 ... +16, күндүз +29 ... +31 градус болот.