Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиянын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Анда Жапаров стипендианттарды куттуктап, аларга чоң ишеним артылганын айтты.
“Сиздер улутубуздун өнүгүүсүн аныктай турган келечектеги лидер жана кесипкөй адиссиздер. Мекениңизге жаңы билим, идея жана тажрыйба менен кайтып, алган билимиңиздер менен өлкөбүздү чыңдап, өнүктүрүшүңүздөрдү күтөбүз. Окууларыңыздарга ийгилик, илимий ачылыштарга жана алдыга койгон максаттарыңыздарга жетишиңиздерге тилектешмин”, – деди Жапаров.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун соңунда президенттик стипендияны тапшыруу аземи болду.
Маалымат үчүн: “Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган, 2024-жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиант болду.