Аскат Алагөзов майрамдык концертке байланыштуу түшүндүрмө берди

31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөрү кабарланган. Ага Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, "Боссон" тобу жана италиялык ырчы, композитор IN-GRID катышары айтылган болчу.

Социалдык тармакта концертке келе турган чет өлкөлүк белгилүү ырчыларды каржылоо маселеси кызуу талкууланып жатат. Буга байланыштуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовго байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Чет элдик ырчыларга мамлекеттен эч кандай акча берилбейт. Алар Эгемендик майрамыбыз жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктоо демилгесин көтөрүшкөн. Мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына карата майрамдык белеги десек болот.

Мамлекет тараптан болгону аларды аэропорттон тосуп алуу, тамак-аш менен камсыз кылуу, концерт бүткөндө кайра аэропортко жеткирүү кызматтары көрсөтүлөт" деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан