Жалал-Абаддагы Аксы районунда 500 тонналык мөмө-жемишти сактоочу логистикалык кампа ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишкана сезон убагында 10дон ашуун тургунду иш менен камсыз кыларын билдирет.
Белгиленгендей, аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тартып толук кандуу ишке берилет. Ишкана сезон убагында 25 адамды туруктуу иш менен камсыз кылат.
"Ишкананын курулушу, аны керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 миллион 800 миң сом сарпталган. Борбордо кара өрүктүн кагын кайра иштетип, фасовкалап, таңгактап, даяр продукцияны Казакстан, Орусия жана Өзбекстанга экспортко чыгаруу каралган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна мөмө жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет" деп билдиришти мекемеден.