Бүгүн, 26-августта Бишкектеги М.Ганди көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан 32 жаштагы жаран секирип, өмүрүн кыюуга аракет кылды.
Бул билдирүүнү ӨКМ таратып, аталган жаран куткарылганын кабарлады. Ага ылайык, жерине 8 куткаруучу тартылган.
Алар чатырга чыгып, атайы шаймандар менен жаранды түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.