Чыңгыз Айтматовдун иниси Илгиз Айтматов 93 жашында дүйнө салды  

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, академик Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис, техника илимдеринин доктору, 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору.

Кыргыз Республикасынын жана КСРБнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, Илимге эмгек сиңирген ишмер, эл депутаты (1990-1995-ж.ж.), президенттик кеңештин мүчөсү (1990-1991-ж.ж.), илим, техника, өнөр жай, энергетика жана байланыш боюнча Жогорку Кеңештин Туруктуу комиссиясынын төрагасы (1990-1991) болгон.

2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан