Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр келе баштады

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде Агулак участкасынан, Миң-Куш кенинен 180 миң тонна көлөмүндөгү жогорку калориялуу көмүр келип жатат.

"Ошондой эле импорттук "Д" маркасындагы көмүрдү 250 миң тоннага, "Кыргызкөмүр" МИ менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520 миң тоннага келишимдер түзүлүп, 50 миң тонна көлөмүндө кыргыз көмүрүн алганга тендер жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 миллион тонна көмүр, 110 миллион 679 миң метр куб газ жана 8 миң тонна мазут менен электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан