Атактуу футболчу Криштиану Роналду карьерасын жыйынтыктагандан кийин футболдон башка чөйрөдө жумуш кыларын пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Учурда кайсы бир команданын машыктыруучусу болууну пландаган жокмун. Өзүмдү бул тармактан көрбөй элемин. Башка жумуш менен алектенем деп ойлойм. Бирок алдыда эмне болуп кетет Кудай билет", - деген ал.
Белгилей кетсек, футболчу 2023-жылдын башынан бери Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойноп келет. Ал Сауд Арабия клубунун курамында 45 оюнга чыгып, 44 гол киргизген. Анын "Аль-Наср" клубу менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.