Бүгүн, 27-августта Бишкекте оңдоо иштеринен кийин Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Аталган жолдо оңдоо иштери аяктады.
Ошондой эле Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин оңдолот. Буга чейин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган.
Учурда Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.