Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун реконструкциялоо иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта SUPER.KG порталына Кыргыз футбол биримдигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, футболдук мекемедеги оңдоо иштеринин 90 пайызы бүткөрүлдү.
"Гибриддик технологиядагы оюн талаа орнотулду. Жарыктандыруу чырактары жаңыланып, ЛЭД-экран коюлду. Трибуна жана отургучтар жаңыланды. Ошондой эле трибуна алдындагы бөлмөлөрдүн баары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү", - деп айтылат анда.
Ошондой эле стадиондогу чуркоо аянтчасы азырынча жасалбасын, мекемени сентябрь айында ачуу мерчемделип жатканын билдиришти.
10-сентябрда стадиондо 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши өтөт.