Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Ага ылайык, акыйкатчыга бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган.
Кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, өспүрүм кызды ар кандай жүйө менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса "өлтүрүп коёбуз" деп коркутуп кармап келишкен.
"Алар жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып, интернетке таркатып жиберишкен. Аны менен катар кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Алар өспүрүмдүн кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан", - деп жазылат анда.
Акыйкатчы тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылды.
“Жашы жете элек балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде бардык чаралар колдонулушу керек", - деди акыйкатчы.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.
Ошондой эле кызды сексуалдык кулчулукта кармап келген шектүүлөр учурда эркиндикте жүргөнү маалымдалды.