Жаңы окуу жылынын башталышына карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бул туурасында бүгүн, 27-августта ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, республиканын окуу жайларында ички иштер министрлигинин 4 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышат.
Мындан тышкары сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурула тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, 1-сентябрь жекшембиге туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Билим күнүнө байланышкан бардык салтанаттар да ушул күнү өтөт.