“Арзан, ыңгайлуу жана бат”. “Алкан” базары мектепке керектүү кийим-кече, окуу куралдары жарманкесин өткөрүп жатат

Адатка айланган “Алкан” базарындагы мектепке даярдык көрүүгө арналган жарманке өз ишин баштады. Билим алууга керектелүүчү бардык буюмдарды бир жерден алып кетүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Анда окуу куралдар, мектеп баштыктар, албетте жарманкенин негизги бөлүгү болгон - өндүрүүчүлөрдүн өз колу менен тигилген, арзан баадагы мектеп формасы сатылууда.

Мектеп жарманкеси

Азыркы тапта Бишкекте бул жарманке менен эч кимди таң калтыра албайсың. Ал эми 2011-жылдары мындай иш-чара өндүрүшчүлөр, сатуучулар, ата-эне жана бала үчүн эң негизги табылга болчу. Дал ошол учурда өлкө боюнча эң биринчи мектеп окуучулары үчүн жарманке “Алкан” базарында уюштурулган. Башка жактагы базарлар болобу, соода түйүндөр болобу жараманке өткөрүүнү колго алып келгени менен “Алкан” базарында уюштурулган иш-чарага жетпей келет. Анткени 10 жылдан ашуун убакыттан бери өтүп келе жаткан жарманкенин негизги максаты балдарды капчыкка оорчулук келбеген ыңгайлуу баада, сапаттуу кийинтүү болуп саналат. Жана да “Алкан” базары ата мекендик тигүү цехтеринин уюткусу.

“Жылда уюштурулуп жаткан мектеп жарманкеси үчүн биз кубануу менен чын жүрөктөн “Алкан” базарынын жетечилигине ыраазычылык билдиребиз. Бул жеке ишкерлерге жана сатуучуларга чоң жардам жана колдоо. Бизнесте ар кандай учур болот. Кээде чет жактарга экспорттоо басаңдап калат. Дал ошол учурда жараманке жардамга келип, биз товарларыбызды толугу менен сатып, түгөтүп алабыз. Бул жаңы мезгил талабы менен иштөөгө өбөлгө түзөт. “Мектеп формалары калып калды. Кийинки жылы саркечтиктен калат, кайда алып барам?” деген ойдон мына 11 жылдан ашуун убакыттан бери арылып калдык. Жарманкенин жардамы менен бир нече жылдан бери жаңы мезгилге кийим алып чыгууда насыясыз өтүп, өзүбүздүн акчабыз менен товар айлантып келе жатабыз”, - деди “Ирада Халикова” ата мекендик өндүрүштүн ээси Ляйля Агишева.

№63 соода түйүнүндө кишинин агымы көп, андыктан ишкер айым Ляйля менен жумуш арасында сүйлөшүүгө араң жетиштик. Ал кошумчалагандай базар аралап бала менен ар бир нерсени издеп жүрүү кыйын. Жарманкеде ишкерлер өз продукциясын алып чыгып сатышса, ата-энелер мектеп үчүн каражаттарды бир жерден баарын бүтүрүп алышат. Андыктан бул жарманке баарына ыңгайлуу.

Ляйля айымдын сөзүн Чудан келген Айдина да толуктады. Анын айтымында 3 жылдан бери бул жарманкеге келип окуучу жана студент балдарын бир жерден кийинтип, тийиштүү окуу каражаттарын сатып алып кетет.

Ал эми беш баланын энеси болгон Кант шаарынан тургуну Зуля жарманке үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт деп эсептейт. Жана да “Алкан" базарына жылда келип балдарына сапаттуу кийим, окуу куралдарын капчыкка оор келбеген баада алып кетет. Канттан түз каттам жарманкенин оозуна чейин келгендиктен, ал алты баласы менен келген да ыңгайлуу деп эсептейт. Баарын бир жерден бат-баттан сатып алып, балмуздак жегенге да убакыт артып кала тургандыгын кошумчалады ал.

«Бул жерде баары жакшы сатылып жатат. Биз эңсеген жерге чатырыбыз орнотулуп, уюштуруу иштери жогорку деңгээлде. Уят болууну каалабайбыз. Андыктан биздин кийимдер сапаттуу тигилип, жарашыктуу да келет», - деп өз ою менен “La triomphe de beauté” тигүү өндүрүшүнүн башчысы Лариса Белицкая бөлүштү. “Алкан" базары алгач уюштурган жарманкеден бери катышып келе жаткандыгын билдирген ишкер айым кийинки жылы дагы эки чатыр коюуну пландап жаткандыгын билдирди. “Жарманкенин башына жана аягына эки чатыр алып, тигип чыгарган буюмдарыбызды саталы деп жатабыз. Кадарларыбыздын көңүлүн алып, колдон чыгарбай кармап калууну көздөп, отургуч, суусундуктарды да алып келгенбиз. Ал эми базардын администрациясы болсо биз үчүн жан үрүп барын уюштуруп жатат. Ага биз өтө ыраазыбыз”, - деп кошумчалады.

Кадарлар көп болгондуктан №86 чатырдагы Галина өзүнүн ишканасындагы жумуштун көптүгүнө карабай сатуучуларына жардам берип, колго тийген ишти аткарып жүрөт.

Жараманке уюштурулган аймактын айланасы таза. Жаан-чачындан, күндөн калкалап турган чатыры бар. Эки катарга бөлүнүп, 140 соода түйүнү орнотулду жана да кардарлардын ары-бери басып соода кылуусуна ыңгайлуу болуш үчүн эки тарабындагы чатырлардын ортосу кенен. Таң аткандан, күн батканга чейин жарманкенин айланасын атайын күзөтчүлөр кайтарышат. Андыктан коопсуздук да колго алынган. Ал эми базардын администрациясы болсо ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды гана түзбөстөн, кардарлар үчүн базар баасын да көзөмөлдөп турат. Жарманкеге келген товарлар базар баасынан арзан болгондуктан, жогорулатуу мүмкүн эмес.

Жарманкенин уюштуруучусу жана менеджери Чинара Майканаева мунун баары чоң эмгекти талап кыла тургандыгын билдирди.

“Баарын чогултуп, орноштуруп, жайгаштырып алуу чоң эмгекти талап кылат. Алдын ала баарын пландап отуруп, ар бир сантиметр маанилүү экендигин билесиң. Башталышында күзөтчүлөрүбүздөн бери жардамга келип, баарын жайгаштырабыз. Андан соң ар бири өз кызматына кайтат. Ар бир ишкер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каалаган чатырына отурукташтырабыз. Ар биринин өзүнчө көңүлүн алуу да оңойго турбайт. Андыктан кардардын да, ишкердин да кызыкчылыгы биз үчүн маанилүү. Бизге көбүнчө райондордон алармандар келет. Учурда Чүй облусунун миңдеген балдарын мектепке даярдоого салым кошуп жатабыз. Өзүбүз да балдарыбызды мектепке ушул жерден кийиндирип, окуу куралдарын алып беребиз. Анткени ата мекендик өндүрүүчүлөр бул жарманкеге эң сапаттуу кийимдерди сатууга алып чыгышат. Биз алардын ар бири менен сыймыктанабыз”, - деп белгиледи Майканаева.

“Алкан" базары 1999-жылы кыргызстандык тигүү ишканалары үчүн ачылган жай. Ушул күнгө чейин ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн аймагы болуп сакталып калды. 15 жыл мурун ачылган чакан ишканалар, учурда ири мекемелерге айланып, өлкөгө салык төлөп, жарандарды жумуш менен камсыздап келет. Ошондой эле белгилүү бренддер жаралып, алдыңкы ишканалар түзүлдү.

“Алкан" базары – Кыргызстандагы эң ыңгайлуу жана заманбап базар болуп саналат. Ал жылда жаңылануу жолунда. Өткөн жылы эле кардарлар үчүн унаа жайлары кеңейтилген. Ал эми чет элден келип, дүң баада сатып алып кетип жаткандар үчүн ыңгайлуу мейманкалар курулган. Ал эми кардар сатып алуудан гана ырахат албастан, даамдуу тамактанып, эс алуусу үчүн атайын жайкы салкын жайы менен ресторан ишке берилди. Ал жерден тамакка буйрутма берип, базардын булуң-бурчуна жеткиртип алуу мүмкүн. Тазалык базардын эң жакын досу. Андыктан мезгил-мезгили менен контейнерлер жуулуп, айрымдары жаңы өңгө боёлуп турат. Ошондой эле онлайын төлөмдөрдү жүргүзүү, акча которуудагы шарттар үчүн “банктар көчөсү” ачылган. Базардын ичинде оор жүктөрдү жеткирүүчү логистикалык компаниялар иш алып барат. Дал ушул ыңгайлуу шарттарды түзүүдө көп жылдан бери базардын администрациясында бир команда өзгөрүүсүз иштеп келет.

Белгилей кетсек, “Алкан” базарындагы мектеп жарманкеси 1-сентябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан