Бизнесин эми баштап жаткан ишкердин тажрыйбасы: Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктун кантип ачса болот?

Ozon маркетплейси КМШ өлкөлөрүндө тамырын кеңири жая баштады. Компания таасирдүү ыргак менен өнүгүп жатат: 2024-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча компаниянын жүгүртүүсү 70 пайызга өстү. Ошол эле учурда бул компания менен сатуучулар эле пайда табышпайт. Буйрутмаларды берүү пункттарын ачуу – бул бизнести баштап, туруктуу киреше булагына ээ болуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Жыл сайын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө жүздөгөн ишкерлер Ozon’дун буйрутмаларды берүү пункттарында бизнесин баштап жатышат. Бул макалада биз Ozon’дун көптөгөн өнөктөштөрүнүн тажрыйбасын чогултуп, жалпылап чыктык. Натыйжада буйрутмалары берүү пунктунун ишин баштап жаткан ишкердин күндөлүгү пайда болду.

Туура тандоо: эмне үчүн Ozon?

Бүгүнкү күндө аянтчада 50 миллиондон ашык жигердүү кардар жана 390 миллион товардык позиция бар. Статистика көрсөткөндөй, Ozon’дун 10 кардарынын ичинен 8и сатып алган буюмдарын буйрутмаларды берүү пункттарынан алып кеткенге көнүп калышкан. Бул ыңгайлуу — жумушка же окууга баратканда баш багып, алып кетсе болот. Пункттар саат 09:00дөн 21:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз иштегендиктен, буйрутмаларды ыңгайлуу маалда алып кетүүгө болот. Эреже катары, ири сатуулардын алдында жана ар кандай майрамдарда жана мезгил алмашканда буйрутмаларды берүү пункттарына сатып алуучулардын кызыгуусу күчөп, ишкерлер туруктуу жүгүртүүгө ээ болушат. Бул маалыматтарды эске алсак, кардарлардын агымы үзгүлтүксүз, ал эми киреше туруктуу болоору талашсыз

Ишин жаңыдан баштап жаткан ишкерлер өзүнүн пункттарын ачып жатканынын дагы бир маанилүү фактору – бардык процесстер жөнөкөй жана түшүнүктүү. Ozon операциялык милдеттердин басымдуу бөлүгүн өзүнө алат: иш башталып жатканда таанытуу, бардык логистика маселелери, төлөмгө тиешелүү маселелери жана ал тургай салык отчетун түзүү. Өнөктөш болсо юридикалык жакты каттап, пункт үчүн жайды тандап, тариздөө, кызматкерлерди окутуу жана жөнөкөй операциялык процесстерди түзүп чыкканы эле жетиштүү болот. Ошол эле учурда бардык маселелер боюнча компаниянын аймактык менеджерлеринен консультацияларды алууга болот — алардын кеңсеси сиз менен бир убакыт алкагында орун алган, ал тургай, зарыл болсо, жолугушууну пландаштыра аласыз.


Биринчи апта. Пункт жайгашчу жерди тандап алып, имарат жайды издөө

Жерди туура тандоо – буйрутмаларды берүү пунктунун келечектеги ийгилигинин негизги сыры. Пункт мүмкүн болушунча адамдар көп жүргөн жолдун боюнда орун алышы керек, ошондо каалаган адамга пунктка кире кетүү ыңгайлуу болот. Жакын жерде коомдук транспорт, соода же бизнес борбору, мектептер, университеттер, бала бакчалар болсо эң сонун. Тынч кичи райондор же чакан конуштар – бул өзүнчө кеп. Мындай райондордо ушундай объекттин өзү жашоочулар чогулган жерге айланышы мүмкүн.

Локацияны тандап жатканда, Ozon’дун картасы менен таанышып чыгып, көбүрөөк киреше кайда болорун түшүнүп алыш керек — мында киши көп жүргөн аймак, жакын жерде атаандаштардын жоктугу жана маркетплейстин маалыматы боюнча болжолдуу акча жүгүртүү эске алынышы керек. Ошондой эле картада кепилденген киреше жерлери — буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлери биринчи жарым жылда компаниядан 412 000 сомго чейинки сумманы ала турган аймактар белгиленген. Пункт чукул арада өзүн актап, киреше таба башташы үчүн компания берген бул акчаны ижарага жана пунктту таанытууга сарптаса болот.

Керектүу районду аныктап алгандан кийин ишкерлер ижарага берилген жайлар тууралуу жарнамалар менен таанышып чыгып, имаратты издей башташат. Имарат жайга Ozon’дун койгон талаптары көп эмес: биринчи кабатта орун алып, өзүнчө кире бериши болушу керек. Мындай жайдын аянты 25 чарчы метр болуп, анда кампаны, буйрутмаларды берүү зонасын жана буюмдарды текшерүү бөлмөсүн караштыруу зарыл. Параметрлери жана баасы боюнча туура келген имаратты тапкандан кийин аны аймактык менеджер менен макулдашып, ушундан кийин Ozon менен ижарага берүүчүнүн ортосунда келишимдерге кол коё берсе болот. Ошол эле учурда эгерде тандоо процессинде суроолор же күмөн саноолор пайда болсо, менеджерге чалып, кеңеш сурай аласыз.

Экинчи жана үчүнчү апта: пункттун ачылышына даярдануу

Орточо алганда, бир пунктту ишке киргизүүгө эки апта кетет. Бул убакыт аралыгында ишкер локацияны макулдашууга, бардык документтерге кол коюуга, бөлмөдө кичинекей косметикалык ремонтту жасоого жана кызматкерлерди табууга үлгүрөт.

Ремонттун ылдамдыгы жана баасы тандалган имарат жайдан жана жалдаган бригададан көз каранды болот, бирок бул адатта маселе жаратпашы керек. Ремонтко коюлган конкреттүү талаптар көп деле эмес, бул талаптар брендбукта сүрөттөлгөн жана негизинен дубалдарды сырдоо үчүн түстөрдү тандоого тиешелүү болот. Керектүү эмеректерди жана техникаларды тандоо да оңой болот, себеби буйрутмаларды берүү пунктун ачуу үчүн көп сандагы жабдуулар керек эмес. Администратор үчүн стол жана отургуч, кампа үчүн текчелер, ошондой эле товарды ачып, ченеп көрүү үчүн пардалар жана күзгүлөр керек болот. Техникадан сизге компьютер же ноутбук жана штрих-коддордун сканери гана зарыл. Мунун баары сөзсүз эле жаңы болбошу керек, негизгиси – баары иштеп турушу керек жана сырткы көрүнүшү да жакшы болууга тийиш. Көрнөктү, плакаттарды, баракчаларды жана башка маркетингдик материалдарды Ozon берет, ошондуктан чыгымдардын сметасы да аз болот.

Ремонт жүрүп жаткан маалда кызматкерлерди табыш керек. Иш графиги – саат 9:00дөн 21:00гө чейин созулат, дем алыш жок. Ошондуктан кезектешип иштечү жок дегенде эки адамды жалдоо зарыл. Кызматкерлерди окутууга компания жардам берет.

Пунктту жаңыдан ачып жаткан ишкерде пайда болгон негизги суроолорго жоопторду Ozon’дун маалымдамасынан табууга болот. Эгерде дагы эле түшүнүксүз болуп жатса, каалаган учурда аймактык менеджерге кайрыла аласыз.


Эмесе, ишти баштайлы! Ozon’дун буйрутмаларды берүү пункттарынын ички ашканасы

Баары даяр болуп, макулдашылгандан кийин ишти баштай бересиз. Маркетплейс товарларды алып кетүү үчүн жаңы дарек пайда болгону жөнүндө кардарларды өзү кабардар кылып, бардык карталарга жаңы пунктту кошуп чыгат. Бизнести баштап жатканда ишкерлер биринчи кезекте иш процессин жолго коюшат.

Буйрутмаларды Ozon’дун чабарманы жумуш күнү алып келет, буйрутмаларды кабыл алып, атайын тиркемеде кампаңыздын кайсы жерине койгонуңузду белгилеп коюш керек. Кардар келгенде, кызматкер анын смартфонунан штрих-кодду сканерлеп, тиркеменин жардамы менен бардык керектүү товарларды табат жана тиркемеде товарды өткөрүп бергенин белгилейт. Кардар товарды алып кетүүдөн баш тарткан учурда кызматкер кайтарып берүүнү тариздейт. Кирешелер тууралуу бардык маалыматтарды өнөктөш тиркемеде көрүп, ошол эле жерден салык отчеттуулугу автоматтык түрдө түзүлөт.

Жумушту жолго салып алгандан кийин буйрутмаларды берүү пунктун таанытуунун кошумча жолдоруна көңүл буруңуз. Мисалы, социалдык тармактарда пункт ачылганы жөнүндө айтып берип, кардарларды көбөйтүү үчүн жигердүү иш алып барып, башка жарнамалык аспаптарды колдонсо болот. Бардык процесстер бир калыпка түшүп, кирешеге ыраазы болсоңуз, негизги учурларды гана көзөмөлдөп, жайбаракат башка иштерди жасай бересиз.

Кирешелер жана чыгашалар тууралуу азыноолак кеп

Буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинин негизги туруктуу чыгымдары – бул ижара акысы жана кызматкерлердин маянасы. Башында чыгымдарды жабууга кепилденген финансылык колдоо жардам берет. Кардарлардын саны өскөнүнө жараша киреше да көбөйөт: ал товардын баасынан 3,7 пайызды түзөт, анын наркы болжол менен 4 761 сомго чейин болот жана эгерде наркы жогору болсо, буйрутмадагы ар бир позиция үчүн 176 сомдун тегерегин түзөт. Сатуучулардан жана башка логистикалык компаниялардан буйрутма алуу менен да кирешени көбөйтүүгө болот. Мындан тышкары, жакында эле Ozon компаниясы буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлерине пункттун ичинде эле кошумча бизнес ачууга мүмкүнчүлүк берди. Мисалы, чакан вендинг автоматты же андан олуттуу бир нерсени коё аласыз – бул бөлмөнүн аянтына жараша болот.

Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктунун ачылышы – бул жөнөкөй жана түшүнүктүү бизнес, ал атайын билимди талап кылбайт жана баарына жеткиликтүү. Дал ошондуктан көптөгөн ишкерлер бир пункт менен чектелип калбай, бүтүндөй тармакты түзүп жатышат. Эң негизгиси – биринчи кадамды жасаңыз, ал эми Ozon сизге жардам берет!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан