"Тез жардам" унаасына жол бербеген айдоочу айыпка жыгылды

Чүй облусунда "Тез жардам" кызматынын унаасына жол бербей, тоскоолдук жараткан айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Toyota Prius унаасын башкарган 46 жаштагы О.Н. аттуу айдоочуга 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Ошондой эле ага жол эрежесин бузбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан