Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтынын реконструкциялоо иштери аяктаса, жашыл аянт дагы жаңыланат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Учурда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери авариялык жана куураган көчөттөрдү алып, бутоо иштерин аякташты. Анын ордуна Орозбеков көчөсүнө Пушкин көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабык тамыр системасы менен 12 даана жаш көчөттү отургузушту.
"Жаңы аянттын айланасы ар кандай оймо-чиймелер менен кооздолуп, тагетеса, сальвия, целозия жана агератум сыяктуу бир жылдык гүлдөр отургузулду.
Өз кезегинде борбордук аянт бадал өсүмдүктөрү бар 13 чоң гүл отургузуучу менен кооздолгон", - деп айтылат маалыматта.