Өлкөдө акыркы 7 айда 1290 тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон субъектерге текшерүү жүргүзүлдү. Бул туурасында бүгүн, 27-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын негизинде бүгүнкү күндө 780 субъектке ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан жалпы 485 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
“4-кварталда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан 1484 субъект текшерилет”, - деп белгиленген маалыматта.