Эртең, 28-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13 ... +18, күндүз +25 ... +30,
Талас жергесинде түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +21 ... +26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 ... +20, күндүз +28 ... +33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз ... +23 ... +28,
Нарын дубанында түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +24 ... +29.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын табы түнкүсүн +16 ... +18, күндүз +27 ... +29 градус болот.