Токтогул шаарынын Жаңы-Жол аймагында жылдык кубаттуулугу 1 миллион 250 миң даана болгон осётр балыгынын чабагын өстүрүүчү инкубациялык цехтин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 27-августта Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Курулуштун жалпы сметалык наркы 30 миллион сомду түзөт. Объектини куруу иштери аяктагандан кийин 20-25 жергиликтүү тургун иш орду менен камсыз болот. Бул курулуштун максаты – Токтогул суу сактагычында осётр балыгынын камдыгын көбөйтүп, экспортко чыгарып, райондун экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө.
Бүгүнкү күндө 100 долбоордун алкагында 96 долбоор ишке ашууда. Бул балык чарбачылыгы да алардын бири болуп санала тургандыгы маалыматта кошумчаланды.