Бүгүн, 27-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 522 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын жаңыланган маалыматында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, суунун агып келиши секундасына 586 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 269 куб метрди түзүүдө.
Ал эми кечээ, 26-августта суунун көлөмү 12 миллиард 495 миллион куб метрди түзгөн болчу.
Былтыр, 2023-жылы 27-августта 11 миллиард 213 миллион куб метр суу топтолгону көрсөтүлөт маалыматта.