Суданда жарылган плотина 60 жарандын өмүрүн алды

Судандын чыгыш тарабындагы Порт-Судан шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан бетондуу гравитациялык көтөрмө (плотина) нөшөрлүү жаандан улам жарылып кеткен.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча кырсыктын кесепетинен 60 жаран каза болгон. Бирок алардын саны мындан да жогору болушу мүмкүн экендиги айтылды.

Плотина Порт-Судандын тургундары үчүн таза суунун негизги булагы болуп саналат. Шаардын калкы 2023-жылга карата 489 миң адамды түзгөн. Жарылган плотина суусу электр зымдарды бузуп, мамычаларды агызып кеткен. Ошондой эле алтын кенин суу каптаган.

Судандын саламаттык сактоо министрлиги быйыл жаан-чачындан улам сел жүргөн аймактарда жалпы 132 жаран каза таап, 200 жаран дайынсыз жоголгондугун маалымдады. Жаратылыш кырсыктары өлкөнүн 20 чакты аймагына залакасын тийгизген. БУУнун маалыматы боюнча 50 миң жарандын турак жайлары кыйроого учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан