"80 пайызы Кытайдан ташылат". Оюнчуктун билинбеген зыяны, суралбаган сертификат

Кыргызстанга оюнчуктар чет жактан, негизинен Кытайдан алып келинет. Адистердин айтымында, базарлардагы сатуучулардан оюнчуктун сапатын тастыктаган сертификаттарды көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Көпчүлүк ата-эне балдарына оюнчук алып берип, көңүлүн алганы менен, анын сапатына анчейин көңүл бура беришпейт. Чындыгында, ата-энелер оюнчуктарды алууда анын баасына маани береби, же сапатынабы? Кыргызстанга келген оюнчуктар текшерилип киргизилеби? SUPER.KG порталы ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Бишкектеги "Дордой" базарында балдарына оюнчук алып жүргөн жаш эне оюнчуктун баасына карап сатып аларын, бир дагы жолу анын сертификатын сурап көрбөгөнүн айтты.

"Алганга жараша сапатына карап алыш керек. Бирок антип алайын десең бир оюнчугуң 1000 сомдон жогору болуп кетет. Андыктан баланын ой жүгүртүүсүн өстүргөн оюнчуктарды алууга аракет кылам. Негизи сапатсыз оюнчук алсаң 2-3 күндө эле бузулуп калат. Балам кымбат оюнчук алып бер дегенде кээде алып берсем, кээде алып бербейм. Ойлонуп көрсөм, оюнчук алып жатканда сертификатын такыр сурабаптырмын", - дейт ал.

Ал эми Айдана баласына оюнчуктарды кытай сайттарынан аларын, анда тандоо көп болорун айтты.

"Балама, абысынымдын балдарына 3-4 жолу Кытайдан оюнчук алдыргам. Анткени ал жакта бизде жок оюнчуктар болот, арзан дагы. Кытай сайттарынан оюнчуктун кандай пайда, зыяны бар экенин, инструкциясын котормочу аркылуу эле окуп алам. Албетте, коркосуң, оюнчук келгенден кийин алгач кайнак суу менен жууп, дезинфекциялайм", - деди ал.

"Дордой" базарында 27 жылдан бери иштеп келе жаткан сатуучу оюнчукту сыртынан карап туруп эле сапатына баа берсе болот дейт.

"Оюнчуктарды Кытай менен Өзбекстандан алдырам. Кардарлар арзан, сапаттуу оюнчуктарды сурашат. Бала канчалык кичинекей болсо, ага жасалган оюнчуктардын баасы ошончолук кымбат болот. Анткени алар жүз пайыз таза материалдан жасалат", - дейт сатуучу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Мария Кушубакова "оюнчуктардан жабыр тартып ооруканага кайрылгандар дээрлик кездешпейт" дейт. Анткени бул заттардын терс таасири 5-10 жыл өткөндөн кийин билиниши мүмкүн.

"Балдардын аллергия болуп, тери ооруларынан жабыркашына оюнчуктар себеп болушу мүмкүн. Аллергия болсо кайсы бир тамактан деп ойлойбуз. Бирок эч бир ата-эне ага оюнчук себеп болушу мүмкүн деп ойлонушпайт. Бизге конкреттүү түрдө "бул оюнчуктан аллергия болдук, оорудук" деп кайрылгандар жок. Негизи оюнчук жасоодо формальдегид, фенол заттары колдонулат. "Эмнеге бул заттардын уулуу экенин билип туруп оюнчуктун курамына кошот?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул заттар нормага ылайык колдонулушу керек. Эгер нормадан ашып кетсе зыяндуу болуп эсептелет. Негизи алар оюнчукту жумшартуу, өң-түс, форма берүү үчүн колдонулат. Канткен күндө да ата-энелерге оюнчукту сатып аларда сөзсүз түрдө сертификатын сурап, маркировка белгилерин карагыла деп айтабыз", - дейт департаменттин өкүлү.

Мария Кушубакованын айтымында, бүгүнкү күндө оюнчуктун сапатын тастыктаган сертификатка кардар да, сатуучу да анча маани бере бербейт. Ал ушул тапта жеке ишкерлерди көзөмөлгө алуу кыйын экенин айтты. Текшергенге чейин эле оюнчуктар дүң баада тез арада сатылып кетерин белгиледи.

"Оюнчуктар техникалык регламенттин негизинде Кыргызстанга кирет. Оюнчуктун 80 пайызы Кытайдан ташылат. Бирок ал өлкөдөн кирген оюнчуктардын көпчүлүгү сапаты жагынан техникалык регламентке туура келбей жатат. Бажы кызматына кайрылганыбызда "Дордойдогу", "Жунхай" базарындагы оюнчуктар тизмеде жок экенин билгенбиз. Демек, аткезчилик жол менен өтүп кетип жатса керек. Азыр сатуучулардан сертификатын сурасаң дээрлик көпчүлүгүндө жок. Айрым жеке дүкөндөрдүкү гана бар. Эгерде оюнчуктун документи жок болсо лабораторияга алып барып, сертификатын алыш керек. Ошондо гана сатыкка алып чыгуу коопсуз болот", - дейт Мария Кушубакова.

Ошондой эле ал акыркы убактарда ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгенден бери көзөмөлгө алуу кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Анткен менен айрым сатуучулар оюнчуктун сапатына нааразы болуп кайрылгандар болбогонун айтышты. Чындыгында, кардарлар оюнчуктун сертификатын сурашпайт дейт. Эгер талап кылынса оюнчук саткан фирмадан сертификатын алып көрсөтөбүз деп ишендиришти.

"Оюнчуктар сөзсүз түрдө сертификаттары менен келет. Негизи бизге фирма алып келип берет, сертификаттар аларда болот. Бизден дүңүнөн оюнчук сатып алган башка сатуучулар деле аны сурашпайт" , - дешет сатуучулар.

Оюнчуктун билинбеген зыяны, суралбаган сертификат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан