Бүгүн, 27-августта 13 куткаруучу 2 кайык менен Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул боюнча ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 15 куткаруучунун ичинен 5 суучул-куткаруучу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Талас облусу боюнча башкармалыгынан келип, жеринде иш алып барууда.
Эске салсак, 23-августта Көк-Жар айылынан 14 жаштагы бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жаранды издөө министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.