Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы өлкөгө кайтып келишти

Бүгүн, 27-августта өлкөнүн эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Асеин Торогелдиев, өлкөнүн спорттук күрөш боюнча федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.
Эске салсак, Иорданиянын Амман шаарында өткөн мелдеште Өмүрбек Асан уулу, Курсантбек Исаков, Рустамжан Кахоров алтын медаль жеңсе, Марлен Абдраимов Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна 23 балбан барган. Мелдеш 25-августка чейин Иорданиянын Амман шаарында орун алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан