Баткенде таң эрте жер титиреди

Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-августта саат 5:21де жер силкинип, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кан айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан