Казакстандык кыз тоюнда маркум апасынын күтүүсүз белегин алып ыйлады (видео)

Коңшу Казакстанда турмушка чыгып жаткан кыз таякесинен маркум апасынын күтүүсүз белегин алып, эмоциясын кармай албай ыйлады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо кыздын үйлөнүү тоюнда маркум апасынан күтүүсүз белек алган учур тартылган. Келиндин таякеси мындан 15 жыл мурун эжеси каза болордо кызына бир белек сактап, үйлөнүү үлпөтүндө берүүнү суранганын айтты.

Ушул жылдар бою таякеси белекти сыр кылып, туура 15 жылдан кийин маркум эжесинин өтүнүчүн аткарган.

Маркум апасынан шуру, сөйкө, шакекти алгандан кийин кыз ыйлаган.

Казакстанда келин маркум апасынын күтүүсүз белегин алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан