Америкада жаран беткап кийгени үчүн айыпка жыгылды

Лонг-Айленд штатынын полициясы жаш жигитти коомдук жайда беткап кийип жүргөнү үчүн кармашкан. Анын жанынан бычак табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Басылма коомдук жайларда беткаптарды колдонууга тыюу салуу чакырыктары июнь айында палестиналыктарды колдогон айрым демонстранттар нааразылык акциялары учурунда жүзүн жаап алгандан кийин башталганын эскертет.

Анда
18 жаштагы Уэслин Омар Рамирес Кастильо камакка алынып, Нью-Йорктун Нассау округунда маска кийбөө боюнча кабыл алынган мыйзам менен айыпталган биринчи жаран болду.

Полиция аны тинтиген учурда, анын шымынын белинен бычак табышкан. Ага куралды мыйзамсыз сактоо жана беткап кийүү мыйзамын бузган деген айыптар тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан