Муфтияттын алдында сall-борбор ачылды  

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында заманбап call-борбор ачылды. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, борбор фатва бөлүмүнүн алдында түптөлүп, заманбап техникалар менен жабдылган.

Муфтий Абдулазиз Закиров маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо жарандар үйүндө отуруп эле дин боюнча суроолоруна жооп ала турган мындай борбор керек экенин айткан.

Эми бул борбордо мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын дин, шарият боюнча суроолоруна жооп беришет.

Сall-борбор дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан