Ош облусунда 31-август Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн утурлай 14 объект колдонууга берилет. Бул туурасында облус жеткечилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ачылыштар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналат.
Алар өндүрүш ишканалары, социалдык курулуштар жана ирригация багытындагы ишканалар экендиги маалыматта кошумчаланган.