Мексика АКШ менен Канаданы ички саясатка кийлигишпөөгө чакырды

Мексика өкмөтү АКШ жана Канаданын элчиликтери менен мамилесин токтотту. Президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор бул тууралуу кечээ, 27-августта аталган өлкөнүн элчилери анын сунуштаган сот реформасын сынга алгандан кийин билдирди.

Лопес Обрадор пресс-конференцияда кеп өлкөлөр менен эмес, элчиликтер менен болгон мамилелерди токтотуу жөнүндө болуп жатканын тактады.

Президент сотторду, анын ичинде Жогорку соттун судьяларын жалпы элдик добуш берүү менен шайлай турган реформаны талап кылууда. Дүйшөмбү күнү Мексиканын Конгрессинин төмөнкү палатасынын комитети бул сунушту жактырды. Парламент сентябрда иштей баштайт.

Реформанын жактоочулары бул демократияны бекемдеп, коомго кызмат кылбаган системаны оңдоого жардам берерин айтышууда. Сынчылар бул бийликти аткаруу бийлигинин пайдасына буруп, соттордун карьерасын токтотуп, сотторду кылмыштуулуктун таасиринен көз каранды кылып коёт дешет.

Өткөн аптада АКШнын Мексикадагы элчиси Кен Салазар реформаны "Мексика демократиясынын иштешине олуттуу коркунуч" деп атады жана АКШ-Мексика соода мамилелерине потенциалдуу тобокелдиктерди эскертти.

АКШ менен Мексика бири-биринин эң ири соода өнөктөштөрү.

Канаданын Мексикадагы элчиси Грэм Кларк да инвестиция коркунучу тууралуу эскертти.

Шейшембиде Лопес Обрадордун комментарийлеринен кийин АКШ элчиси 23-августтагы дипломатиялык элчилик нотасын жарыялады.

"Кошмо Штаттар Мексикадагы сот реформасынын концепциясын колдойт, бирок биз соттордун эл тарабынан шайланышы сот системасындагы коррупция көйгөйүн чече албайт жана Мексикадагы бийликтин сот бутагын бекемдей албайт деп олуттуу кооптонуп жатабыз",- деп айтылат анда.

Лопес Обрадор Салазардын сөздөрүн сынга алып, ички саясатка кийлигишүү деп атады.

"Кантип элчиге өз оюн айтууга, "туура эмес кылып жатканыбызды" айтууга уруксат бере алабыз? Биз ага өлкөдөн чыгып кет деп айтпайбыз. Бирок Конституциябызды окуусун сурайбыз", - деди Лопес Обрадор.

Ошондой эле ал "тыныгуу" элчиликтер Мексиканын көз карандысыздыгын сыйлай турганы тастыкталганга чейин улана турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан