Орусияда дагы бир мунай базасы өрттөндү

Орусиянын Ростов облусунун Каменский районундагы мунай базасында украиналык учкучсуз учактын чабуулунан өрт чыкканын облустун губернатору билдирди.

"Жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар күчтөрү тартылууда. Өрттүн турак жайларга жайылып кетүү коркунучу жок", - деди губернатор Василий Голубев өзүнүн Telegram каналында.

Буга чейин Baza Telegram каналы Каменск мунай базасынын аймагына эки дрон кулап түшкөндөн кийин үч резервуар күйүп жатканын билдирген.

Орусиялык социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо түн ичинде чоң резервуарлар күйүп жатканын көрүүгө болот. Видеону тартып алган күбөлөр Ростов облусунун Каменский районундагы "Атлас" күйүүчү май заводу өрттөнүп кеткенин айтышууда.

Коңшу Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев да украиналык учкучсуз учактын сыныктарынан мунай базага жакын жерде өрт чыкканын билдирген. Кийинчерээк Гусев Telegram аркылуу өрт өчүрүлүп, эл эвакуацияланган эки конуштун тургундары үйлөрүнө кайтып жатышканын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Воронеж облусунун үстүнөн 8 жана Ростов облусунун үстүнөн 4 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан