Кечээ, 27-август күнү Япониянын эң бийик чокусу Фудзиямага кыргыз альпинисттери чыгышты. Бул тууралуу Аьпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бүгүн, 28-августта Инстаграм баракчасында билдирди.
"27-август түнкү саат он экиде кыргыздарым Япониянын эң бийик чокусу Фудзиямага (Фудзисан) ийгиликтүү чыкты! Биздин экспедициябыз эгемендүүлүк күнүбүзгө арналды. Алга Кыргызстан!" - деп жазган ал.
Эдуард Кубатовдун айтымына караганда, Фудзияма чокусуна 13 альпинист жана 2 дипломат чыккан.