Израиль армиясынын чабуулунан кеминде 11 палестиналык набыт болду

Израиль армиясы басып алган Батыш Шерианын түндүгүндө бүгүн, 28-августта таңга маал жүргүзүлгөн рейдде 11 палестиналыкты өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген кыскача билдирүүдө, Израиль армиясынын баскынчылык аракеттеринен Женин шаарында 6, Тубаста дагы 5 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Израиль армиясы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин, Тубас жана Тулькарем сыяктуу бир катар аймактарда аскердик рейддерди жүргүзүп жатканын ырастады.

Палестиналык топтор, анын ичинде ХАМАС да өзүнчө билдирүүлөрүндө алардын согушкерлери Женин жана Тулькаремде израилдик аскерлер менен кагылышканын билдирди.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Батыш Шериада былтыр 7-октябрдан бери кеминде 662 палестиналык каза тапты жана Израиль армиясынын аткылоосунан 5400гө жакын киши жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан